Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Бишкекте мектептин короосунан велосипед уурдаган учур видеого түшүп калды
08.09.2022 | 19:31
Белгисиз адам Бишкектеги №70 мектептин короосунан окуучунун велосипедин уурдап кеткен. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой кечээ, 7-сентябрда Биринчи май райондук милициясына Г.Е. аттуу жаран кайрылып, ошол күнү болжол менен саат 14:40та белгисиз адам Бөкөнбаев көчөсүндө кара түстөгү Pantera үлгүсүндөгү велосипедди уурдап кеткенин билдирген. Велосипеддин баасы 20 миң сом болгон.
Аталган факт Кылмыш кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча каттоого алынган.
Учурда кылмышкерди аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Велосипедди уурдаган учур видеого түшүп калган. Видеодогу адамды тааныгандар милицияга кайрылсаңыздар болот.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда