Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Алтындын сатылышы боюнча ЖК комиссия түзүшү мүмкүн
08.09.2022 | 19:00
Алтындын сатылышы («белгисиз өлкөгө» сатылган 19 тонна алтын) боюнча Жогорку Кеңеш депутаттык комиссия түзүү боюнча депутаттар менен сүйлөшүп жатат. Бул тууралуу «Акчабар» басылмасына Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.
Ал келерки аптада министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровду, Кумтөрдүн экс-жетекчиси Теңиз Бөлтүрүктү жана башкаларды парламентке чакырып, алтындын акыркы 1 граммына чейин суракка алуу пландалып жатканын белгилейт.
«Бизде президенттин колунда алтын кармаган иниси менен интернетте пайда болгон сүрөт боюнча да суроолор бар. Сүрөт эмне, кайдан алынган», – деди ал.
Акаев бул суроолордун баарына кыргыз элине эфирден жооп бериши керектигин кошумчалайт.
Учурда төрт фракция комиссия түзүүгө макул.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика