«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Бишкекте милиционерлер өз жанын кыймакчы болгон аялды куткарып калышты
20.08.2024 | 17:34
Бишкекте ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери өз жанын кыюуга аракет кылган жарандын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Күзөт кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
19-августта саат 22:14тө милицияга Тыныстанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн балконунан аял секиргени жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине күзөт кызматкерлери Медер Усманов, Нуржигит Базарбай уулу жана Тынчтык Эрназаров барып, аялдын өз өмүрүнө кол салуу аракетин алдын алып калышкан.
Куткарылган аял Бишкектин 33 жаштагы тургуну болот. Анын туугандары милиция кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом