Бугу Эне тууралуу уламыш «Аалам сулуусу» сынагынын сахнасында жандандыБишкекте олимпиадалык стандарттагы бассейни бар спорт комплекси курулууда — сүрөтКыргызстанда 200 млн сом салынган компания жоюлат — Бекешев22-ноябрь: Кыргызстанда күн жылуу болуп, аба +21°ка чейин жылыйтДээрлик үч жылдан кийин: Ми-8дин кыйрашы боюнча эки аскер кызматкери камаккаалындыКыргызстандын вице-премьеринин мурдагы кеңешчиси алдамчылык иши боюнча камакка алынды
Бишкекте олимпиадалык стандарттагы бассейни бар спорт комплекси курулууда — сүрөт
22.11.2026 | 11:10

Б. Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын аймагында аянты 12 миң чарчы метрди түзгөн спорт комплексинин курулушу уланууда. Бул тууралуу КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Мекеменин маалыматы боюнча, долбоордо аянты 1 250 чарчы метр болгон жабык бассейнди куруу каралган, министрликте ырасташкандай, ал олимпиадалык стандарттарга жооп берет. Комплексте ошондой эле машыгуу бассейни жана 560 орундуу көрүүчүлөр трибунасы пайда болот.
Мындан тышкары, академиянын аймагында төмөнкүлөрдү куруу пландалууда:
• ачык футбол стадионун;
• мини-футбол үчүн эки аянтчаны;
• эки баскетбол аянтчасын;
• пляж футболу үчүн бир аянтчаны.
Курулуш иштерин «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Бүгүнкү күндө котлован казуу иштери аяктап, куруучулар конструкцияларды бетондоого киришти.
Курулуш Стабилизациялык фонддун каражаттарынын эсебинен каржыланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом


