УКМК баңгизат ташуу каналын уюштурган топту аныктап, бир жаранды кармады

18.11.2026 | 17:55
УКМК баңгизат ташуу каналын уюштурган топту аныктап, бир жаранды кармады — Новости Кыргызстана

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында, ошондой эле коңшу мамлекеттерге баңгизат ташуу жана сатуу каналын уюштурган топ аныкталып, ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында, бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен иш козголгон. Ошондой эле Х.М. аттуу жаран шектүү катары кармалган.

Тергөө ишинин жүрүшүндө салмагы 7,2 килограммды түзгөн өсүмдүк тектүү баңгизат алынган. Ошондой эле топтун мүчөлөрү башка адамдарды курьер катары пайдалануу максатында даярдаган, салмагы 25,8 килограмм болгон баңгизат муляждары табылган. Мындан тышкары, мамлекеттик чек ара тилкеси аркылуу чет өлкөлүк жарандарды өткөрүү боюнча мыйзамсыз канал аныкталган.

Азыркы учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды тактоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

Scroll to Top