Дээрлик үч жылдан кийин: Ми-8дин кыйрашы боюнча эки аскер кызматкери камаккаалындыКыргызстандын вице-премьеринин мурдагы кеңешчиси алдамчылык иши боюнча камакка алындыТатьяна Ким 20 жыл иштегенден кийин Wildberries башчысы кызматынан кетти — эмнелер белгилүүБанктар сентябрда курулушка 12,3 миллиард сомдук насыя бердиАмирдин өлүмү. Бишкекте Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун мурдагы башчысы камакка алынды1,5 миң сомдук аңчылык күбөлүгү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты
Дээрлик үч жылдан кийин: Ми-8дин кыйрашы боюнча эки аскер кызматкери камаккаалынды
21.11.2026 | 17:33

Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан коргонуу күчтөрүнүн мурдагы кол башчысы Кылычбек Айдаралиев жана аскер бөлүктүн мурдагы командири Данияр
Давитахунов 2024-жылдын январь айындагы аскердик тик учактын кыйрашын тергөөнүн алкагында камакка алынды.
Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Соттун 2026-жылдын 21-ноябрындагы токтомдоруна ылайык, эки айыпталуучу
тең 19-декабрга чейин камакта болот. Айдаралиев менен Давитахуновго КР Кылмыш-жаза кодексинин 401-беренесинин 3-бөлүгү («Учуу же ага даярдануу эрежелерин бузуу») боюнча айып тагылды.
Эске салсак, 2024-жылдын 17-январында Бишкектин четиндеги Достук айылынын
жанындагы «Фрунзе-1» авиабазасынын (23565-аскер бөлүгү) аймагында окуу-машыгуу учуулары учурунда Кыргызстандын Абадан коргонуу күчтөрүнүн Ми-8МТВ аскердик тик учагы кыйроого учураган.
Авиакырсыктын кесепетинен 11 адам жабыркап, бир аскер кызматкери каза болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Кыргызстан, суд