КРда 18 өлкөгө визасыз режим жана жүрүү мөөнөтүн узартуу каралууда — тизме

18.11.2026 | 13:28
КРда 18 өлкөгө визасыз режим жана жүрүү мөөнөтүн узартуу каралууда — тизме — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандардын визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күндөн 60 күнгө чейин узартуу жана өлкөгө визасыз кире ала турган мамлекеттердин тизмесин кеңейтүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоорун Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды.

Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, өзгөртүүлөр чет элдик туристтерди тартууга жана Кыргызстандын эл аралык туристтик рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Ведомствонун маалыматы боюнча, учурда Казакстанда визасыз режим 80ден ашык мамлекеттин жарандарына, ал эми Өзбекстанда 90дон ашуун өлкөгө тиешелүү. Кыргызстанда бул тизме 55 өлкөнү камтыйт, ошол эле учурда дагы 20 мамлекеттин жарандары үчүн визасыз кирүү өзүнчө ченемдик жоболор менен каралган.

Негиздеме-маалымкатта жүрүү мөөнөтүнүн колдонуудагы чектөөлөрү чет элдик туристтерге, өзгөчө альпинисттерге кыйынчылык жаратары айтылат. Ленин, Хан-Теңир жана Жеңиш чокуларына бийик тоолуу экспедициялар 45 күндөн 60 күнгө чейин созулушу мүмкүн. Бул акклиматизацияга, тоого чыгууга даярданууга жана ыңгайлуу аба ырайын күтүү зарылдыгына байланыштуу.

Ошол эле учурда визасыз жүрүүнүн колдонуудагы 30 күндүк мөөнөтү мындай экспедициялардын катышуучуларын алдын ала кошумча документтерди тариздөөгө же сапардын программасын кыскартууга мажбур кылат. Бул чыгымдарды көбөйтүп, турларды уюштурууну татаалдаштырат.

Бул чектөөлөр Кыргызстандын бир нече аймагын кыдырууну камтыган башка узак мөөнөттүү туристтик каттамдарга да таасирин тийгизип жатканы белгиленет.

Эмнени өзгөртүү сунушталууда?

Токтом долбоору менен тиешелүү тизмеге киргизилген мамлекеттердин жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күндөн 60 күнгө чейин узартуу сунушталууда.

Учурда алар Кыргызстанда ар бир 60 күндүк мезгилдин ичинде жалпысынан 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Жаңы эрежелер боюнча, бул мөөнөт өлкөгө кирген күндөн тартып ар бир 120 күндүк мезгилдин ичинде 60 күнгө чейин болот.

Ошол эле учурда миграциялык каттоо, чек ара көзөмөлү жана улуттук коопсуздук талаптары сакталат. Ошондой эле Кыргызстандын эл аралык келишимдеринин шарттары да эске алынат.

Кайсы өлкөлөрдүн жарандары үчүн визасыз режим киргизүү пландалууда?

Дагы бир сунуш — Кыргызстанга визасыз кирүүгө уруксат берилген мамлекеттердин тизмесин кеңейтүү.

Тизмеге 18 өлкөнү киргизүү пландалууда:

  1. Индонезия;
  2. Филиппин;
  3. Иордания;
  4. Марокко;
  5. ТАР (Түштүк Африка Республикасы);
  6. Венесуэла;
  7. Непал;
  8. Тунис;
  9. Колумбия;
  10. Доминикан Республикасы;
  11. Коста-Рика;
  12. Эквадор;
  13. Перу;
  14. Панама;
  15. Сейшел Аралдары;
  16. Гватемала;
  17. Тринидад жана Тобаго;
  18. Ямайка.

Мамлекеттик агенттик өлкөлөрдү тандоодо Казакстан менен Өзбекстандын тажрыйбасы, жаңы туристтерди тартуу келечеги жана мамлекеттердин экономикалык көрсөткүчтөрү эске алынганын түшүндүрөт.

Маалымкатта келтирилген Дүйнөлүк банктын 2025-жылдагы маалыматына ылайык, сунушталган 18 өлкөнүн 17синде жан башына түшкөн ИДП Кыргызстанга караганда жогору. Демилгечилер бул көрсөткүчтү туристтердин төлөө жөндөмдүүлүгүнүн негизги факторлорунун бири катары карашат.

Ошол эле учурда аталган өлкөлөрдүн сегизинин жарандары кыска мөөнөттүү визаларды жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Ал эми калган он мамлекет үчүн долбоордо тиешелүү тизмелерге кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.

Анара Мамытова

Scroll to Top