Кыргызстанда 200 млн сом салынган компания жоюлат — Бекешев

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев министрлер кабинети буга чейин мамлекеттик бюджеттен 200 миллион сом салынган «Процессинг КейДжи» компаниясын жоюу чечимин кабыл алганын билдирди. Бул тууралуу парламентарий өзүнүн Telegram-каналында жазды.
Анын айтымында, 24-ноябрда парламенттин бюджет боюнча комитетинин жыйынында компанияны жоюу жөнүндөгү кабминдин № 849-т тескемесин кароо пландалууда.
Бекешев 2025-жылдын июнь айында мамлекет анын каршылыгына карабастан «Процессинг КейДжиге» 200 миллион сом бөлгөнүн эске салды.
«Мен туура айткан экенмин. „Процессинг КейДжиге“ 200 миллион сом салуунун кереги жок болчу. Бизде буга чейин эле Банктар аралык процессинг борбору иштеп жатканына карабастан, мамлекет компанияны 3 миллион сомго сатып алып, дагы 200 миллион сом салууну чечти. Дагы бирөөнү түзүүнүн эмне кажети бар эле?» — деп жазды депутат.
Бекешевдин маалыматы боюнча, 2026-жылдын октябрь айында компания Улуу Британиянын санкциясына кабылып, ноябрда кабмин аны жоюуну чечкен.
Ошол эле учурда салынган бюджеттик каражаттын кайсы бөлүгүн кайтарып алууга мүмкүн болору азырынча белгисиз. Депутат бул кырдаал компанияга мамлекеттик каражат салуунун максатка ылайыктуулугу боюнча анын буга чейинки кооптонууларын тастыктады деп эсептейт.
«Менин кооптонууларым негиздүү болгонун убакыт өзү көрсөттү. Кабмин элдин акчасын жумшоого, айрыкча келечеги күмөндүү компанияларды сатып алып, аларга жүз миллиондогон каражаттарды салууга алда канча кылдат мамиле жасашы керек. Бул салык төлөөчүлөрдүн акчасы, ага мектептерди, бала бакчаларды куруп, адамдардын реалдуу көйгөйлөрүн чечсе болмок», — деп баса белгиледи Бекешев.
Анара Мамытова