Бугу Эне тууралуу уламыш «Аалам сулуусу» сынагынын сахнасында жанданды

«Аалам сулуусу» эл аралык сулуулук сынагында Кыргызстандын өкүлү Медина Эрмекова дүйнөлүк аудиторияны Бугу Эне тууралуу кыргыз уламышы менен тааныштырды.
Улуттук кийимде чыгуу үчүн Эрмекова энелик сүйүүнү, боорукердикти, балдарды коргоону жана адамдын жаратылыш менен шайкештигин символдоштурган Бугу Эненин образын тандаган.
Костюмда муундардын руханий байланышын жана ата-бабалардын мурасына болгон урматтоону чагылдырган салттуу кыргыз оймо-чиймелери жана символдору колдонулган.
«Бугу Эне — жанданган уламыш», — деп тааныштырылды катышуучунун улуттук образы.
«Miss Universe сахнасына кийип чыккан улуттук костюмумдун финалдык вариантын сыймыктануу менен тартуулайм. Бугу Эне уламышынан эргүү алган бул образ энелик сүйүүнү, боорукердикти жана үмүттү чагылдырат. Ар бир деталында — кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана жан дүйнөсү бар. Мекеним Кыргызстанга болгон сүйүүм менен!» — деп жазды Эрмекова социалдык тармактагы баракчасында.
Быйыл юбилейлик 75-эл аралык Miss Universe сулуулук сынагы Сан-Хуан шаарында (Пуэрто-Рико) өтүүдө. «Аалам сулуусу — 2026» таажысы үчүн дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн жана аймактарынан келген 116 катышуучу ат салышууда. Кыргызстандын атынан 18 жаштагы Медина Эрмекова катышууда.
Сынактын финалы 24-ноябрда өтөт.