ЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасады
Бишкекте ресторанда кызды тепкен жаран кармалды
02.10.2025 | 11:30

Бишкекте социалдык тармактарда тараган кызды тепкен видео боюнча шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-октябрда милиция кызматкерлери социалдык тармактарды мониторинг кылуу учурунда 7-апрель көчөсүндөгү ресторанда белгисиз адамдын кызды тепкен видеосун аныктаган.
Окуя маалымат журналына катталып, тергөөгө чейинки иликтөө иштери башталган. Иликтөөнүн жүрүшүндө 1995-жылы туулган А.К. аттуу жаран «Майда бейбаштык» беренеси (КЖКнын 126-беренеси) боюнча кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.