Кыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулду
Бишкекте сойкукана уюштурууга шектүүлөр кармалды (видео)
04.05.2024 | 11:15
Бишкек шаарында сойкукана уюштурууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2-майда кечки саат беште Бишкектин Радищева көчөсүндө сойкукана бар деген маалымат милицияга түшкөн.
Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөп кеткен. Аныкталгандай, көрсөтүлгөн даректе кыздар акы төлөнүүчү интимдик кызмат көрсөтүшкөн. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси («Сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү») менен катталган.
Тергөөчүлөр сойкукананы уюштурууга шектүү катары 1998-жылы туулган Э.Б. жана 2004-жылы туулган Н.к.А.ны аныкташкан. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар