Бишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза таптыСадыр Жапаров «Дастан» заводунда дрондорду өндүрүүнү ишке киргизүүнү тапшырдыКазакстанда Борбордук Азиядагы эң ири шамал электр станциясынын курулушу башталдыБишкек мэриясы шаарга 625 кичи автобус сатып алууну көздөөдөКытай менен чек арадагы өткөрүү пункттары 4-апрелден тарта ишин убактылуу токтототБишкекте «Жеңиш 9/45» кыймылынын эгидасы астында «Кинопанорама» кинофоруму башталды
Бишкекте үч эм төрөлдү
22.04.2024 | 15:01
Бишкекте үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Ымыркайлардын үчөө тең эркек бала. Алар 19-апрелде перинаталдык борбордо кесарево жолу менен жарык дүйнөгө келген. Балдар 1930 грамм, 2660 грамм жана 2660 грамм салмак менен төрөлдү. Ымыркайлардын энеси 35 жашта.
“Алгачкы суткада наристелер реанимация бөлүмүндө көзөмөлдө болушкан. Бүгүнкү күндө алар ара төрөлгөн ымыркайларга кам көрүүнүн 2-баскычындагы бөлүмдө. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жана эненин абалы канааттандырарлык”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом