«Аманат» компаниясы айып пул боюнча 300 миң катты айдоочуларга жеткирген эмес

«Аманат» компаниясы айып пул боюнча 300 миң катты айдоочуларга жеткирген эмес

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында айдоочуларга жол эрежесин бузгандыгы боюнча каттарды жеткирүүнү колго алган «Аманат» компаниясын текшерүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин эл аралык иштер, миграция  комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, компаниянын кеңсесинде айып пул боюнча 300 миңден ашык кат сакталып турат.

«Кеңседеги каттар убагында айдоочуларга жеткирилген эмес. 2023-жылдын июнь айында чыккан каттар бар экен. Бул өлкөнүн бюджетине түшпөй калган акчалар», — деди депутат.

Кубанычбек Самаков компания жарандардын жеке маалыматтарын сактоодо коопсуздукту камсыз кылбагынын дагы сындады.

«Кеңсе өзү Көк-Жарда жарым жер төлөдө жайгашыптыр. Эч кандай коопсуздук каралган эмес. Бирөө кирип эле ширеңке жакса канча маалымат жок болот», — деди ал.

Белгилей кетсек,  2023-жылы компания айдоочулардын айып пулдары боюнча конверттерди таштандыга таштаганы үчүн айыпка жыгылган.

«Аманат» тендерди утуп алып, 2021-жылдан бери «Коопсуз шаардын» каттарын жеткирүүдө. Ага чейин бул ишти «Кыргызпочтасы» аткарып келген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>