Бишкекте жаңы муниципалдык мончо ачылды

Бишкекте жаңы муниципалдык мончо ачылды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев көчмө жыйындын жыйынтыгында, мамлекеттик органдар менен макулдашуу менен, ири реконструкциядан кийин Жибек-Жолу проспектиси, 286 дарегиндеги мончо-ден соолукту чыңдоо комплексин ачуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Имарат эки кабаттуу, жалпы аянты 2705,41 чарчы метрди түзөт, 240 орундуу (120 эркек жана 120 аял), буу бөлмөсү, бассейн, гардероб, массаж бөлмөсү, сулуулук салону, эс алуу бөлмөсү, намазкана жана ашкана, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн лифт, автопарк бар.

Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын сынагына ылайык, долбоор «Нур-Строй-Групп» ЖЧК уюму тарабынан иштелип чыккан, ал эми курулушту «Лидер Хаус КК»ЖЧК подрядчысы жүргүзгөн. Иштөө режими – күн сайын саат 8:00дөн түнкү саат 22:00гө чейин.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>