Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Бишкекте жашоо минимуму 8,7%га өстү
22.08.2022 | 22:58
Бишкек шаарында 2022-жылдын экинчи кварталында калктын жан башына жашоо минимумунун орточо баасы 8,7%га өсүп, 7452 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Ал эми үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында чакан ишканаларды эсепке албаганда бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 22927 сомду түздү. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,8%га өскөн.

Ошол эле учурда Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, айына тамак-аш азыктарына 4,7 миң сомдон кем эмес, азык-түлүк эмес товарларга 1,1 миң сом, кызмат көрсөтүүлөргө 1,2 миң сом жана салыктарга 146 сом сарпталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика