ЖКда 2027-жылы онкологияга бөлүнчү каражатты көбөйтүү сунушталдыАмангелдиев Бишкекте жашаган 100 жаштагы жарандардан кабар алдыСыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга ниети бар экенин билдирдиБишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектелип 26 жаштагы жигит кармалдыКыргызстанда дагы 63 билим берүү мекемесинде ысык тамак берилүүдөАзия оюндары: грек-рим күрөшүндө Асан Жанышов финалга чыкты
Геосаясий кырдаал: Hyundai Trans Kazakhstan унаа чыгарууну токтотту
22.08.2022 | 22:21
Геосаясий кырдаалга байланыштуу Hyundai Trans Kazakhstan автоунаа чыгарууну токтотуп жатканын Астана Моторстун басма сөз кызматы билдирди.
«Геосаясий кырдаалга байланыштуу Россияга тетиктерди жеткирүү жазында токтоп калган. Бул убакыттын ичинде компания болгон запастары менен иштеген, ошондой эле Hyundai Motor Company менен башка өлкөлөрдөн тетиктерди жеткирүү үчүн шашылыш квотаны макулдашкан. Учурда жеткирүү маселесин чечүү боюнча пландар иштелип чыгууда», – деп айтылат билдирүүдө.
Бул Hyundai Accent жана Hyundai Creta үлгүлөрүнө гана тиешелүү. Андан башка үлгүдөгү унаалары чыгып жатат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар