Ысык-Көлдө 501 млн сомдук «Кырчын» турбазасы мамлекетке өттү21-мартта Бишкекте Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чаралар өтөт (программа)Mastercard жана MBANK Борбор Азияда биринчи жолу Лионель Мессинин сүрөтү түшүрүлгөн картаны сунуштайтУшул жылдын январында Кыргызстанга 220 млндон ашык доллар которулган2025-жылы Кыргызстандын корголуучу аймактарында 139 мыйзам бузуу аныкталдыСадыр Жапаров Казакстандын президентин улуттук референдумдун өткөрүлүшү менен куттуктады
Бишкек: Жолдо жарамазан айтып, кайыр сурагандар айыпка жыгылат
28.03.2023 | 13:21
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарында “Кайырчы” аттуу рейд өткөрөт. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.
Рейддин максаты жолдогу жол кырсыктарын алдын алуу болуп саналат.
“Акыркы учурларды жолдогу кайыр сураган жарандардын катышуусунда жол кырсыктары орун алууда. Рейддин жүрүшүндө жолго чыгып кайыр сурагандарга, жарамазан айтып унаалардын кыймылына тоскоолдук жараткандарга көңүл бурулат”, – деп айтылат маалыматта.
Кайгуул кызматы жолго чыгып, унаалардын кыймылына тоскоолдук жараткандар үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 190-беренеси боюнча бир миң сом айып салынарын эскертет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом