Министрлер Кабинети парламентке 2027-жылдын бюджетинин долбоорун тааныштырдыКыргызстанда асыл тукум чарба макамын алууга арыздарды кабыл алуу башталдыКыргызстандык спортчу джиу-джитсу боюнча дүйнө чемпионатында алтын уттуКыргызстандык ишкерлер Бразилиянын эт жана кофе өндүрүшү менен таанышуудаКыргызстанда 2,3 млн тонна дан жыйналды – былтыркыдан 27,8% көпКайра текшерүүсүз: КРда майыптыкты тариздөөнү өзгөртүү сунушталууда
Бишкек – Ош жолунда жаранды сабаган шектүү кармалды
28.03.2023 | 13:01
Жалал-Абад облустук милициясы тарабынан мурда бир нече жолу соттолгон жаран облус тургунун сабоого шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, буга чейин милициягы А.Л. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 21-февралда болжол менен саат 21:30да Сузак районунун аймагынан өткөн Ош-Бишкек автожолундагы айлампада “Эдик” аттуу адам шериктери менен бети-башына уруп, сабаган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон Шайдан айыл аймагынын 35 жаштагы С.А. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз