БШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалуудаЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыТаштанды астындагы кенч: VII кылымдагы тыйын Бишкектин тарыхын жаңыдан жазууда
“Ак-Ордо-3” конушунда үрөй учурган кырсыктан бир адам каза болду (видео)
19.07.2023 | 13:01
Чүйдүн Сокулук районундагы “Ак-Ордо-3” конушунда болгон жол кырсыктан 1 адам каза болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсык бүгүн, 19-июлда болжол менен саат 07:50дө Элмирбек Иманалиев көчөсүндө болгон. №169 каттамдагы кичи автобус жолдон токтоп, жүргүнчүлөрдү салып, ордунан жылып баштаганда SCANIA R-124 чоң жүк ташуучу унаасы артынан келип сүзгөн.
Алдын ала маалымат боюнча, жол кырсыктын кесепетинен 1 жүргүнчү Сокулук аймактык ооруканасына жеткирилип, өзүнө келбей каза болгон. Дагы 6 адам ар кандай жаракат алып, Сокулуктагы оорукана кайрылып, кетишкен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом