Жарандарга маңзат салып, акча опузалап жүргөн милиционерлер кармалды

Жарандарга маңзат салып, акча опузалап жүргөн милиционерлер кармалды

Россиянын жаранынан акча каражатын опузалап талап кылгандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, буга чейин ИИМдин Ички иликтөө кызматына Россиянын З.Э. аттуу жараны кайрылган.

Ал арызында билдиргендей, быйыл 20-апрелде кафеден Д. аттуу кыз  жана укук коргоо органдарынын белгисиз кызматкерлери ага жашыруун түрдө баңгизат салып, андан кийин белгисиз кызматкерлер аны үйүнүн жанынан кармап алган. Алар кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн Россиянын жаранынан 315 миң сом акча алышкан.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө аныкталгандай, Т.Д., М.А. аттуу кыздар, мурда соттолгон У.А., Т.Н. аттуу жарандар жана милиция кызматкерлери алдын ала сүйлөшүп алып, жарандарга баңгизат салып, андан кийин опузалап акча талап кылуу схемасын уюштурушкан. Алар аткара турган ролдорун да бөлүштүрүп алышкан.

26-июнда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери шектүү катары Т.Д., М.А., У.А., Т.Н. аттуу жарандарды, ошондой эле, ИИМдин аймактык бөлүктөрүнүн кызматкерлерин — милициянын кенже лейтенанты Ж.И., улук лейтенанттар Ч.З. жана Б.Бны кармашкан.

Учурда ИИМдин Тергөө кызматы иликтөө иштерин жүргүзүп,  аталган ишке тиешеси бар башка кызматкерлерин такташууда.

«ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандардан тазалоого багытталган иштерди улантат. Жарандардын кайрылууларын жана арыздарын кароого формалдуу мамиле кылуу, кылмыштарды каттоодон баш тартуу, пара талап кылуу, оройлук сыяктуу фактыларды табууга өзгөчө көңүл бурулууда», — деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>