Бишкектеги бүгүнкү катуу шамалда шаардын бир нече көчөлөрүндө дарактар кулады. Анын сүрөтүн окурмандар Reporter.kg’ге жөнөттү.
Москва жана Фучик көчөсүндө жана Эркиндик сейил багында дарак унаанын үстүнө түшкөн.
Ала-Тоо аянтындагы туу дагы убактылуу түшүрүлдү.
Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2 саат мурун Бишкек шаары жана Чүй облусунда ылдамдыгы 17-22 метрге жете турган катуу шамал болорун эскерткен.