Камчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыктыЖер тилкелерин документтештирем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалдыЖогорку Кеңеш геодезия жана мейкиндиктик маалыматтар жөнүндө мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алдыКыргызстанда 773 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландалуудаЧек ара кызматы менен Туризм фонду туристтер үчүн тоо каттамдарын санариптештиретЖРТга даярдануу үчүн «Булак» мобилдик тиркемеси ишке киргизилди
Бишкектеги үрөй учурган мушташ. Эсин оодара тепкен окуя боюнча 2 киши кармалды
08.09.2025 | 10:00

Бишкектин Токтоналиев көчөсүндөгү «Жаштар кварталы» турак жай комплексинде кишини сулата тепкен окуя катталды.
Октябрь РИИБнин маалыматы боюнча, «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, 40 жаштагы С.С. жана 37 жаштагы Л.Ю. кармалды. Ошондой эле «Майда бейбаштык» беренеси боюнча 36 жаштагы Р.Б. аттуу жаранга протокол түзүлдү.
Күбөлөрдүн айтымында, кол салган адам ак түстөгү Hyundai үлгүсүндөгү унааны айдап жүргөн. Азырынча ал изделүүдө.
Милиция териштирүү иштерин жүргүзүп, видеодогу кишини аныктап жатканы кабарланды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар