Садыр Жапаров жабыркаган аскер кызматкеринин ишин жеке көзөмөлүнө алдыБаткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылдыБарскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрей
Бишкектен Москвага жумасына 6 авиа каттам аткарылат
15.03.2021 | 12:23
Москва-Бишкек-Москва багыты боюнча жумасына 6 авиа каттам аткарылат. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинен билдиришти.
Орусиянын федералдык аба транспорт агенттигинин чечимине ылайык, 3-марттан баштап Москва-Бишкек-Москва маршруту боюнча “Аэрофлот”, “Ураль авиалиниясы” жана “Авиа Траффик Компани” авиакомпанияларынын каттамдарды ишке ашырылат.
Учактар төмөнкү график менен учушат:
– “Аэрофлот” авиакомпаниясы – жума жана жекшемби күндөрү 2 ирет;
– “Ураль авиалиниясы” авиакомпаниясы – шейшемби күндөрү 1 ирет;
– “Авиа Траффик Компани” авиакомпаниясы – шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү 3 ирет.
Ал эми Орусияга багыт алган калган каттамдар чартердик болуп саналат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом