Ала-Белде бороонго карабай жол кыймылын тейлеген инспекторлор – видео

Ала-Белде бороонго карабай жол кыймылын тейлеген инспекторлор – видео

Кечээ, 14-мартта өлкө аймагында кар жаап, унаа жолдор көк муз басып айдоочуларга көп кыйынчылык жаратты.

Айрыкча Бишкек-Ош жолунун тоолуу аймактар аркылуу өткөн бөлүктөрүндө чакырымдарга созулган унаа тыгындары жаралды.

“Репортерго” Токтогул районунун тургуну кайрылып, дал ушул чыкыроон суукта, жол тыгынын жойгон жол инспекторлоруна ыраазычылык билдирди.

“Эл негизи бийликти, милицияны сындаганды жакшы көрөбүз. Бирок алардын да эмгегин эске алуу керек. Тынбай жааган карга, катуу суукка карабай милдеттерин так өтөгөн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлерине рахмат. Бишкекке келе жатсам, эң бийик ашуу Ала-Белде тыгынды жоюп жатышыптыр, видео тартып алдым”, — дейт окурман.

Белгилей кетсек, кечээ, 14-мартта аба ырайына байланыштуу Бишкек –Ош жолунда жүк ташыган унааларга чектөө кирген. Бүгүн, 15-мартта эртең менен кайра алынган.

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>