Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Бишкектин борборунда 5 күнгө газ өчүрүлөт
17.07.2025 | 08:37
21-июлдан 25-июлга чейин Бишкектин борбордук бөлүгүндө жаратылыш газы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Бишкекгаз» ишканасы билдирди.
Газ берүү жер астындагы орточо басымдагы түтүктү кесүү иштерине байланыштуу токтотулат.
Газ өчүрүлүүчү аймактар төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
▪️ Калык Акиев, Чүй проспектиси, Токтогул, Фрунзе, Ибраимов,
▪️ Сүйүмбаев, Жукеев-Пудовкин, Суванбердиев, Киев, Лев Толстой,
▪️ Кыргызавтомаш заводу, макарон цехи, Жыргал, Байтур мончолору.
«Бишкекгаз» ишканасы жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, бул күндөрү жарандарды альтернативдүү энергия булактарына өтүүгө чакырды.