Болотбек Борбиев АКШнын Чикаго шаарындагы башкы консул кызматынан бошотулдуКыргызстанда автомектептерди лицензиялоого 2 жылдык мораторий киргизилдиСтатистика. 75 жаштан ашкан 9 кыргызстандык биринчи жолу баш коштуТаалайбек Ибраев Дүйнөлүк банкка Камбар-Ата-1 ГЭС долбоорунун учурдагы абалы тууралуу маалымат бердиБШК парламенттик шайлоону өткөрүүгө 700 млн сом жушмайтАк-Ордо конушундагы эки адамдын өлүмүнө шектүү качуу аракети учурунда каза болгон — Феликс Кулов
Битир садаганын өлчөмү бекитилди
09.03.2024 | 14:23
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Рамазан айында муктаждарга бериле турган садага (фитр-садака) өлчөмүн аныктады.
Маалыматка караганда, 2024-жылга битир садаганын өлчөмү бир кишиге 1,6 кг буудайдын баасы 50 сом, 1,6 кг ун 75 сом жана 3,2 кг арпанын баасы 85 сом, же 1,6 кг кг мейиздин баасы 680 сом жана 3,2 кг курманын баасы 850 сом түзөт.
“Өнүмдүн өздүк наркы туруксуз, алардын салмагына басым жасоо керек. Битир садага ушул азыктардын биринин баасына барабар өлчөмдө берилиши мүмкүн. Муктаж болгондордун жыргалчылыгы үчүн көбүрөөк каражат сарпталганы жакшы”, – деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда Рамазан айы быйыл 11-мартта башталат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар