Бишкекте ачкыч тууралап Honda Fit айдап качкан эркек кармалдыАйдоочуларга эскертүү: Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу барКыргызстанда орточо айлык акы 55 миң 525 сомго, ал эми баалар 8,8%га жогоруладыМинкаб Бишкектеги баш-аламан курулуш боюнча тапшырманын 80%ын аткарган жок — БекешевЖалал-Абадда жерди мыйзамсыз бөлүп берүү фактысы боюнча кызмат адамдары кармалдыСаламаттык сактоо министрлигине 73 жаңы тез жардам унаасы тапшырылды
Битир садаганын өлчөмү бекитилди
09.03.2024 | 14:23
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Рамазан айында муктаждарга бериле турган садага (фитр-садака) өлчөмүн аныктады.
Маалыматка караганда, 2024-жылга битир садаганын өлчөмү бир кишиге 1,6 кг буудайдын баасы 50 сом, 1,6 кг ун 75 сом жана 3,2 кг арпанын баасы 85 сом, же 1,6 кг кг мейиздин баасы 680 сом жана 3,2 кг курманын баасы 850 сом түзөт.
“Өнүмдүн өздүк наркы туруксуз, алардын салмагына басым жасоо керек. Битир садага ушул азыктардын биринин баасына барабар өлчөмдө берилиши мүмкүн. Муктаж болгондордун жыргалчылыгы үчүн көбүрөөк каражат сарпталганы жакшы”, – деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда Рамазан айы быйыл 11-мартта башталат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар