«Биздин башка Мекенибиз жок»: Жапаров кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы менен куттуктады. Куттуктоонун текстин мамлекет башчысынын басма сөз кызматы таратты.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын эгемендүүлүгү ата-бабалардын мурасы экенин белгилеп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө Декларацияны кабыл алган «легендарлуу парламенттин» салымын эске салды.
«Ата-бабаларыбыз бизге калтырган улуу мурас — бул келечек муундарга өткөрүп берүүгө милдеттүү болгон ыйык аманат, биздин өзгөчө жана жооптуу миссиябыз, ошондой эле ар бирибиздин жарандык парзыбыз», — деп айтылат куттуктоодо.
Ошондой эле Жапаров өлкө экономикасынын өсүү темпи артып, ал эми Кыргызстан эл аралык аренада өз позициясын бекемдөөнү улантып жатканын билдирди. Алсак, ал өлкөнүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу (туруктуу эмес) мүчөсү болуп шайланганын белгиледи.
Президент эгемендүүлүктүн 35 жылдык мааракеси Кыргызстанда өткөрүлө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгына арналган саммитке туш келгенин баса белгиледи.
Мындан тышкары, мамлекет башчысы ишке ашырылган «Ырыс-Ордо» долбоорун жана «Бишкек-Арена» стадионун Эгемендүүлүк күнүнө карата белек деп атады.
Жапаровдун айтымында, майрамдык иш-чаралар бүтүндөй Кыргызстан боюнча өтүп жатат, ал эми негизги салтанаттар Талас облусунда жыйынтыкталат.
Сөзүнүн аягында президент кыргызстандыктарды эгемендүүлүктү жана эркиндикти баалоого, улуттук сыймыкты сактоого, билимге умтулууга жана өз эмгеги менен мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошууга чакырды.
«Биздин башка Мекенибиз жок. Кыргызстан — биздин жалгыз үмүтүбүз жана түбөлүктүү куттуу үйүбүз!» — деп билдирди Жапаров.