Касымалиев: Жыл жыйынтыгында Кыргызстандын ИДПсы 2,35 трлн сомго жетет

18.11.2026 | 12:01
Касымалиев: Жыл жыйынтыгында Кыргызстандын ИДПсы 2,35 трлн сомго жетет — Новости Кыргызстана

2026-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 2 трлн 353 млрд сомго жетет деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы өлкөнүн экономикасы 11,1 пайызга өскөн. Ал эми 2026-жылдын он айында ИДПнын өсүү темпи 10,5 пайызды түзгөн.

Касымалиев Эл аралык валюта фондунун маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргызстан экономикалык өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы төрт өлкөнүн катарына киргенин белгиледи.

Ошондой эле ал 2025-жылы калктын жан башына эсептелген ИДП 3 080 долларга жетип, 2024-жылга салыштырмалуу 22,5 пайызга көбөйгөнүн билдирди.

Министрлер кабинетинин болжолуна ылайык, 2026-жылы бул көрсөткүч 3 600 долларды түзөт.

Өкмөт башчы экономиканын мындан аркы өнүгүүсү эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, жаңы технологияларды киргизүүгө жана кошумча наркы жогору продукцияларды өндүрүүнү көбөйтүүгө байланыштуу болорун кошумчалады.

Scroll to Top