Кыргызстандын футбол курамасы Вьетнамды 2:1 эсебинде жеңдиОрусияда COVID-19дун ар кандай штаммдарынан коргоочу вакциналар иштелип чыктыЧүйдө киши көчөдөгү адамдарды аткан: эки бала жарадар болду18-ноябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуБишкекте жолдорду кеңейтүү: 13 тилкенин ээсине 40,7 млн сом бөлүндүБишкекте жасалма интеллект, финансы жана блокчейн боюнча эл аралык форум өтөт
Кыргызстандын футбол курамасы Вьетнамды 2:1 эсебинде жеңди
18.11.2026 | 10:12

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Вьетнамдын командасын 2:1 эсебинде жеңди. Жолдоштук беттеш 17-ноябрда Вьетнамдын Намдинь шаарында өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Оюнда алгачкы эсепти Вьетнамдын футболчулары ачты. Андан соң кыргызстандыктар эсепти теңеп, беттештин соңку мүнөттөрүндө дагы бир топ киргизишти. Кыргызстандын курамасынан голду Валерий Кичин жана Эрбол Атабаев киргизди.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстан менен Вьетнамдын курамалары бир жолу ойногон. 2024-жылдын январында Доха шаарында өткөн жолдоштук оюнда Кыргызстандын командасы Штефан Тарковичтин жетекчилиги астында 2:1 эсебинде уткан. Ал оюнда голдорду Жоэл Кожо жана Айзар Акматов киргизген.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт