Дүйнөлүк банк жана АӨБ Кыргызстандын реформаларын колдоого даяр

21.11.2026 | 11:30
Дүйнөлүк банк жана АӨБ Кыргызстандын реформаларын колдоого даяр — Новости Кыргызстана

Дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкы жакынкы беш жылга карата экономикалык реформаларды жана стратегиялык милдеттерди ишке ашырууда Кыргызстанды колдоого даяр экендигин билдиришти. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, бир күн мурун Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын (ДБ) Борбор Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Наджи Бенхассин жана Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Борбордук жана Батыш Азия департаментинин башкы директорунун орун басары Йонг Йе менен жолугушту.

Тараптар мындан аркы кызматташтыкты, инвестицияларды тартууну жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын колдоону талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Касымалиев өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу айтып берди. Анын сөзүнө караганда, акыркы төрт жылда ИДПнын реалдуу өсүшүнүн орточо жылдык темпи 10,2%ды түздү. Оң динамика 2026-жылы да сакталууда.

«Акыркы төрт жылда экономикалык өсүштүн жогорку темпи байкалууда. ИДПнын реалдуу өсүшүнүн орточо жылдык темпи 10,2%ды түздү. Оң динамика быйыл да сакталып турат. 2026-жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 10,5%га жетти, бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат. Негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү 62,9%га өстү», — деп белгиледи Министрлер кабинетинин башчысы.

Касымалиев ошондой эле 21-октябрда президент Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде өлкөнү өнүктүрүүнүн жакынкы беш жылга карата стратегиялык милдеттерин аныктаганын эске салды.

«Министрлер кабинети учурда ДБ жана АӨБдүн колдоосу менен стратегиялык милдеттерди ишке ашыруу боюнча иш алып барууда. Бул инвестицияларды тартууну, системалуу өзгөртүүлөрдү улантууну жана эл аралык финансы институттары менен кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнү талап кылат», — деди ал.

Scroll to Top