Ишкерлерге 6 пайыз, тигүү тармагына 0 пайыз менен насыя берилүүдө

18.11.2026 | 13:51
Ишкерлерге 6 пайыз, тигүү тармагына 0 пайыз менен насыя берилүүдө — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда ишкерлерге жылдык 6 пайыздык үстөк менен жеңилдетилген насыялар, ал эми тигүү тармагындагы ишканаларга 0 пайыз менен насыялар берилүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, каржылоо 2026–2030-жылдарга карата мамлекеттик программанын алкагында жүргүзүлүүдө.

Өкмөт башчы каралган каржылоонун 60 пайызы аймактарга, ал эми 30 пайызы аялдардын ишкердигин колдоого багытталарын белгиледи.

Касымалиев ошондой эле Кепилдик фонду аркылуу жалпы суммасы 3,8 млрд сомдон ашкан 1 656 кепилдик берилгенин билдирди.

Мындан тышкары, ишкерлер үчүн уруксат берүүчү документтердин түрлөрү 905тен 439га чейин кыскартылган.

Scroll to Top