Бекешев көп кабаттуу үйлөрдү санарип башкарууну жана ТСЖнын чыгымдарын толук көзөмөлдөөнү сунуштоодоЖКда жаңы үйлөнүүчүлөрдү никеге чейин медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатышат — кенен маалыматМай майрамдарында Кыргызстандын ооруканалары кандай тартипте иштейт? Саламаттык сактоо министрлиги маалымат бердиКытай экспорттук жеңилдиктерди кыскартууда: кыргызстандык импорттоочулар даяр болушу керекBITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөтБишкекте курттардын капташы: Ак-Босогодогу теректер эмне болууда?
Боронов: 25-марттан баштап бардык ички авиа каттамдар убактылуу токтотулат
24.03.2020 | 17:49
25-марттан баштап бардык ички авиа каттамдар убактылуу токтотулат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Мындай чечим өлкөдөгү коронавирус боюнча кырдаалга жана республиканын кээ бир район жана шаарларында киргизилген өзгөчө абал жөнүндө президенттин жарлыгына ылайык кабыл алынды.
Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов белгилегендей, өлкө ичинде Республикалык штабдын макулдугу менен атайын авиа каттамдар гана уча алышат.
Белгилүү болгондой, ички каттамдар Бишкектен Ош, Баткен жана Жалал-Абад шаарларына жана кайра аталган шаарлардан жүргүзүлчү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом