Будапешт шаарындагы сейил бактардын бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды

Будапешт шаарындагы сейил бактардын бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды

Венгриянын борбор калаасы — Будапешт шаарындагы сейил бактардын бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Сейил бакка кыргыз жазуучусунун ысымын ыйгаруу аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Ошондой эле иш-чарага Будапешт шаарынын мэри Гергей Карачонь катышты. Өз сөзүндө ал Чыңгыз Айтматовдун таланты жана чыгармачылыгына суктануусу менен бөлүштү.

Президент Сооронбай Жээнбеков Европанын эң кооз шаарларынын бириндеги сейил бакка Чыңгыз Айтматовдун ысмын ыйгаруу кубанычтуу жана маанилүү окуя экендигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ушул күнгө чейин Чынгыз Айтматовдун элүүгө жакын чыгармасы венгер тилине которулганын жана учурунда ал Венгриянын мамлекеттик жогорку ордени — Офицердик крест менен сыйланганын айтты.

ЮНЕСКОнун маалыматына ылайык, Чынгыз Айтматов дүйнөдөгү эң көп окулган жазуучулардын бири болгонун өзгөчө баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков жана Будапешт шаарынын мэри Гергей Карачонь Чынгыз Айтматов атындагы сейил бакка дарактарды отургузушту.

Ушул эле жерден өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Венгриянын жогорку окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттер менен кыскача баарлашты. Ал иш сапарынын жыйынтыктары, анын ичинде Кыргызстандан келген студенттер үчүн билим алуу квоталарын көбөйтүү тууралуу макулдашуу жана Бишкек менен Будапешттин ортосунда түз аба каттамдарын ачуу пландары жөнүндө айтып берди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>