«Салык Сервис» 2026-жылы салыктык текшерүү процессине жасалма интеллектти киргизетКемин районунда ак илбирс байкалды: жырткыч дарактан аман-эсен түшүрүлдүКемин районунда ак илбирс байкалдыКыргызстанда «Эң таза шаар» жана «Эң таза айыл аймагы» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталдыКыргызстанда 2026-жылдын түшүмү үчүн күздүк эгиндерди себүү аяктадыСаламаттык сактоо министрлиги балдарды дарылоодогу системалуу жардамы үчүн фонддорго жана бизнеске ыраазычылык билдирди
Бүгүн Бишкекте футбол болот, эки көчө убактылуу жабылат
26.03.2024 | 09:25
Бүгүн, 26-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Кытайлык Тайбейдин футбол курамаларынын беттеши өтө тургандыктан, эки көчө убактылуу жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00 башталат. Ага байланыштуу саат 14:00дон баштап оюн бүткөнгө чейин Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки жана Фрунзе көчөсүнүн Манастан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүктөрү унаалар үчүн жабык болот.
Кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежесин, маданияттуулукту сактоого, аталган көчөлөрдүн жабыла турганына байланыштуу жүрө турган маршрутун алдын ала белгилеп алууга чакырат.
