Азим Ройдун жубайына издөө жарыяланды

Азим Ройдун жубайына издөө жарыяланды

Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройдун (мурдагы аты-жөнү Орозахун Сайдазимов) жубайына издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Көлбаев менен Рой эки компания (L.А. жана R) негиздеп, аларга Бишкек шаарынан жер тилкесин каттаган. Кийин ал жерге кеңселери жана кампалары бар коммерциялык имарат курушкан. Бирок компаниялардын ээси ким экенин жашыруу үчүн аларды жакын туугандарына, анын ичинде Азим Ройдун жубайы Н.З.га каттатышкан.

Андан тышкары каржы булактарына мыйзамдуу түр көрсөтүү үчүн компаниянын уюштуруу курамына Азим Ройдун таанышы – Литванын К.Г. аттуу жараны чет элдик инвестор катары киргизилген.

Иликтөөнүн жүрүшүндө компаниянын уюштуруучулары аталган кыймылсыз мүлк Азим Рой менен Камчы Көлбаевге таандык экендигин ырасташкан.

20-мартта кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча Азим Ройдун жубайы Н.З.га (сыртынан) айып тагылып, издөө жарыяланды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, 2023-жылы ноябрь айында Азим Ройго издөө жарыяланган.

УКМК Камчы Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройго издөө жарыялады

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>