Бүгүн, 16-июнда Бишкекте Кыргызстан менен Ирандын футбол курамаларынын беттеши өткөн учурда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого 2 миңден ашык милиция кызматкери тартылат. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Мелдеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, саат 20:00до башталат.
Бишкек шаардык милициясы футбол күйөрмандарын коомдук тартипти жана жүрүм-турум нормаларын бузбоого, стадиондун аймагына тыюу салынган буюмдарды алып келбөөгө чакырат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз