Жээнбек Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлорун кабыл алды

Бүгүн, 28-августта Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлору менен жолугушту. Аталган өкүлдөр Улуттук координаторлор кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келишкен. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Министр Кулубаев жолугушууда Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында өтүп жаткан жыйындын маанисин белгилеген. Ал жакынкы күндөрү өтөт турган ШКУ саммити Уюмдун өнүгүүсүндө, мамилелерди жана кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү этап болорун айткан.
Ошондой эле министр улуттук координаторлорго активдүү иш алып баргандыгы жана саммиттин мазмундук бөлүгүн даярдоого кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирген. Анын айтымында, документтерди макулдашуу жана ШКУнун ишинин багыттарын аныктай турган чечимдерди иштеп чыгуу иштери дал ушул Улуттук координаторлор кеңешинин деңгээлинде жүргүзүлөт.
ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлорунун атынан Орусия президентинин ШКУ иштери боюнча атайын өкүлү Бахтиер Хакимов сөз сүйлөгөн. Ал Кыргызстандын төрагалык кылган мезгилдеги ишин жана саммитти даярдоодогу кеңештин ролун белгилеген.
Ошондой эле Хакимов улуттук координаторлордун мындан ары да жигердүү иш алып барууга даяр экенин ырастап, ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Бишкекте өтө турган жыйыны ийгиликтүү өтөрүнө ишеним билдирген.