Алтын баасынын өйдө-төмөнү. Жыл башынан бери алтындын баасы кандай өзгөрдү

Салмагы 31,1035 грамм болгон, башкача айтканда бир трой унциясына барабар өлчөнгөн алтын куймасынын баасы Кыргызстанда 2026-жылы олуттуу өзгөрүп турду. Улуттук банктын сатуудагы эң жогорку баасы 30-январда катталып, 481 миң 927,5 сомду түзгөн. Ал эми эң төмөнкү баа 16-июлда катталган — анда бир унция алтын 366 миң 297 сом турган. Ошентип, эң жогорку жана эң төмөнкү баанын айырмасы 115 миң 630,5 сомду же 31,6 пайызга жакынды түздү.
Жөнгө салуучу органдын 12-январдагы маалыматына ылайык, бир унциялык алтын куймасы 401 миң 022,5 сомдон сатылган. Андан кийин баа кескин өсүп, 30-январда быйылкы жылдагы эң жогорку чекке — 481 миң 927,5 сомго жеткен.

Улуттук банктын өлчөнгөн алтын куймаларынын баасы дүйнөлүк рыноктогу кырдаалга жараша аныкталат. Бааны белгилөөдө жөнгө салуучу орган Лондондогу баалуу металлдар рыногундагы алтындын котировкаларына таянат. Ошондуктан дүйнөлүк рыноктогу алтындын кымбатташы Кыргызстандагы куймалардын баасына да таасирин тийгизген. Дүйнөлүк алтын кеңешинин (World Gold Council) маалыматы боюнча, дүйнөлүк рынокто алтындын эң жогорку баасы 29-январда катталып, бир унциясы 5 миң 405 долларга жеткен. Февралда да алтын кымбаттоосун улантып, айдын жыйынтыгында баасы 5 пайызга жакын өскөн. Буга доллардын арзандашы, АКШнын мамлекеттик облигацияларынын кирешелүүлүгүнүн төмөндөшү жана Азиядагы сатып алуучулардын суроо-талабы таасир эткен.
Кыргызстанда январдагы эң жогорку көрсөткүчтөн кийин бир унция алтындын баасы акырындап төмөндөп, 16-июлда 366 миң 297 сомго чейин түшкөн. Январдын аягындагы эң жогорку баага салыштырмалуу алтын куймасы 115 миң сомдон ашык арзандаган.
Августта тенденция кайра өзгөрдү. 25-августка карата Кыргызстанда бир унция алтындын сатуу баасы 416 миң 128,5 сомго чейин көтөрүлдү. Дүйнөлүк рынокто да алтын кайра кымбаттоодо: 24-августта анын баасы акыркы үч айдан ашуун убакыттагы эң жогорку чекке жеткен. Аналитиктер муну доллардын арзандашы, АКШнын облигацияларынын кирешелүүлүгүнүн төмөндөшү жана АКШнын финансы тармагына байланыштуу кооптонуулар менен геосаясий белгисиздиктин фонунда инвесторлордун кайрадан алтынга кызыга башташы менен байланыштырышат.
Жыл башында алтын сатып алгандар августтун аягына карата пайдада калмак. Мисалы, 12-январда салмагы 31,1035 грамм болгон куйманы 401 миң 022,5 сомго сатып алууга мүмкүн болгон. Эгер аны 25-августта Улуттук банкка кайра сатса, банк 409 миң 979 сомго сатып алмак. Ошентип, бир унциядан түшкөн пайда дээрлик 9 миң сомду же 2,2 пайызга жакынды түзмөк.
Наргиза ТОКОЕВА