Депутат туризм боюнча мамлекеттик агенттик түзүүнү сунуштады

Депутат туризм боюнча мамлекеттик агенттик түзүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин 15-июндагы жыйынында депутат Надира Нарматова туризм тармагындагы маселелерди көтөрүп, мамлекеттик агенттик түзүүнү сунуштады.

Анын айтымында, Кыргызстан 22 түрдүү экосистемага ээ болгон олуттуу рекреациялык потенциалы бар өлкө.

“Ички жана эл аралык туризмди өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Кыргызстанда 5000ден ашык тарыхый эстеликтер табылган. Тоо туризми жана альпинизмди өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр турат”, — деди ал.

Депутат Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү максатында Туризмди колдоо фонду түзүлгөнүн белгилеп, бирок каражат максатсыз колдонулганын айтты. Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин алкагында «Туризм жөнүндөгү» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн жумушчу тобун түзүүнү сунуштады.

“Туризмди өнүктүрүү фондуна 1 млрд сом бөлүнгөн эле, бирок акча таланып-тонолуп кеткенине учурда ал фонддун жетекчиси жоопкерчиликке тартылып жатканы далил болуп турат. 14 кызматкер иштеген Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдында департамент бар. Бул чоң тармакты 14 кызматкер менен өнүктүрүү мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө туризм тармагында так, өз ара кызматташуу деген жок. Буга байланыштуу бирдиктүү саясатты жана программаны иштеп чыгып, туризм боюнча мамлекеттик агенттик түзүүнү сунуштайм”, — деди Надира Нарматова.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>