Кыргызстанда мунай продуктуларын экспорттоого тыюу салуу шарттары өзгөртүлдү«Тоолор өз убагында артка чегинүүнү үйрөтөт»: альпинист Дмитрий Греков чокуларды багынтуу тууралууБорбор Азия өлкөлөрү жарандардын дарыланууга кеткен чыгымдарын кантип азайтууну талкуулашуудаБишкекте №40, №44 жана №227 автобустардын каттамдары өзгөрдүАнонимдүү даттануулар жана беш күндүк текшерүү: КРда буллингге каршы күрөштү күчөтүү сунушталууда8-октябрь: Ошто жамгыр жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт
Бишкекте 13 жаштагы өспүрүм кыз үч күндөн бери изделүүдө
28.08.2026 | 17:59

Бишкекте 2013-жылы туулган Сатаева Раяна үч күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Ленин районунун ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милициянын маалыматы боюнча, өспүрүм кыз 25-августта саат 11:40 чамасында Ак-Босого жаңы конушундагы даректердин бирине келип, велосипедин таштап, кайра чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул факт 26-августта катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Өспүрүм кыздын белгилери:
- Бою: 140–145 см;
- Көзү кара;
- Чачы кара, каре тибинде.
Кийген кийими: көк түстөгү джинсы шым, алды жагында кызыл түстөгү «21» деген жазуусу бар ак футболка.
Милиция Сатаева Раянанын жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандар төмөнкү телефон номерлерине кабарласа болорун билдирди: 0312 35-29-47 (Ленин РИИБдин нөөмөт бөлүмү), 0 224 214 346.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом