Ош шаарында бир нече негизги көчөлөр оңдолуп, пайдаланууга берилди

28.08.2026 | 15:33
Ош шаарында бир нече негизги көчөлөр оңдолуп, пайдаланууга берилди — Новости Кыргызстана

Ош шаарынын негизги көчөлөрүнүн бири болгон Курманжан датка көчөсүнүн Аматов көчөсүнөн Сүйүнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү реконструкциядан өттү. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Узундугу 2 чакырымды түзгөн тилкенин туурасы 24 метрге чейин кеңейтилип, төрт тилкелүү жол курулду. Жолго эки катмар асфальт төшөлүп, жээктерине тротуарлар жана ирригациялык арыктар салынды. Ошондой эле жол чийиндери түшүрүлдү.

Мындан тышкары, шаардагы Төлөнөв, Калмурзаев жана Атабаев көчөлөрүнүн Ишматов көчөсүнөн А. Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки аралыгы оңдолуп, пайдаланууга берилди. Жолдун жалпы узундугу 2650 метр, туурасы 22 метрди түзөт. Анын 15 метри автоунаалар үчүн бөлүнүп, 15 сантиметр калыңдыктагы эки катмар асфальт төшөлдү.

Бул тилкеде жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуарлар, ирригациялык арыктар салынып, жашылдандыруу зоналары каралган. Ошондой эле канал аркылуу өтүүчү узундугу 22 метрлик эки көпүрө оңдоодон өттү.

Жолдордун ачылышына Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышып, алардын абалы менен таанышышкан.

Scroll to Top