Быйыл Ош шаарына 100 миңге жакын көчөт отургузулат

Быйыл Ош шаарына 100 миңге жакын көчөт отургузулат

Быйыл Ош шаарын көрктөндүрүү максатында шаарга 100 миңге жакын көчөт отургузулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мекеменин маалыматына караганда, шаарды көрктөндүрүү иштери башталып, 5-февралда Осмонов көчөсүнө 200гө жакын ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулган.

Алгачкы көчөт отургузуу иш-чарасына шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, тийиштүү ишканалардын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

2020-жылы “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан шаарыбызга жалпысынан 800 түп ийне жалбырактуу, 1500 түп жазы жалбырактуу жана 80 миң түп бадал көчөттөрүн отургузуу пландалууда.

“Шаарыбызды көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга өзгөчө көңүл бурабыз. Жаз айында шаарыбызга 10 миң даана жоогазын гүлүн жана жалпысынан 2 миллионго жакын ар түрдүү гүлдөр эгилет. Мындан сырткары муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан шаарыбыздын аймагына 20 миң түп дарактардын ар башка көчөттөрү отургузулат. Ак-Бууранын жээгине Япониянын сакура дарагын отургузууну пландап жатабыз”, — деген мэр Сарыбашов.
[su_image_carousel source=»media: 19922,19923,19924,19925,19927,19928″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>