Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Былтыр төрөттөн 57 аял каза болгон
21.02.2022 | 13:19
2021-жылы 57 аял төрөттөн жана төрөттөн кийинки мезгилде каза болгон. Ал эми 16 кош бойлуу аял COVID-19 жана пневмониядан өлгөн. Мындай маалымат менен Саламаттык сактоо министрлиги бөлүштү.
Маалыматка ылайык, былтыркы энелердин өлүмүнүн себептеринин түзүмүндө жыныстык органдардан тышкары оорулар биринчи орунда турат. Алар 17 адамдын өлүмүнө себепкер болгон, анын ичинен 16сы COVID-19 илдетинен кийин пайда болгон.
Кыргызстанда 2021-жылы жалпысынан 153 миң 631 бала төрөлдү, бул 2020-жылга салыштырмалуу 429га аз.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом