Бишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөтКыргызстанда 1 млрд долларлык фармацевтикалык индустриалдык парк курулатЧүй облусунда 100 орундуу оорукана жана жаңы мектеп курулат«Шылтоолор гана». Садырбаева картошканы сатуу маселесине байланыштуу Айыл чарба министрлигин сынга алдыТакси айдоочулары менен курьерлерден 7 айда 462 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмү түштүКубат Рахимов: санкциялар Кыргызстандын эсептешүү хабы катары калыптанганын тааныгандык болду
Былтыр төрөттөн 57 аял каза болгон
21.02.2022 | 13:19
2021-жылы 57 аял төрөттөн жана төрөттөн кийинки мезгилде каза болгон. Ал эми 16 кош бойлуу аял COVID-19 жана пневмониядан өлгөн. Мындай маалымат менен Саламаттык сактоо министрлиги бөлүштү.
Маалыматка ылайык, былтыркы энелердин өлүмүнүн себептеринин түзүмүндө жыныстык органдардан тышкары оорулар биринчи орунда турат. Алар 17 адамдын өлүмүнө себепкер болгон, анын ичинен 16сы COVID-19 илдетинен кийин пайда болгон.
Кыргызстанда 2021-жылы жалпысынан 153 миң 631 бала төрөлдү, бул 2020-жылга салыштырмалуу 429га аз.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом