Кыргызстанга өткөн Кара-Жантак айылынын тургундарына үйлөрүнүн документтери берилдиБШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтоттуКыргыз элинин мурастарынын энциклопедиясын түзүү долбоору башталдыКРде жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүүнүн улуттук стратегиясы иштелип чыгат2026-жылдын биринчи жарымында өлкөгө 709,9 млн доллар инвестиция тартылган7-ноябрда өлкөдө күн ачык жана жылуу болот
Кыргызстанда мамлекеттик ипотекалык насыя берүү жанданды
21.02.2022 | 14:00
Бүгүнтөн тартып “Мамлекеттик ипотекалык компания” өнөктөш-банктар аркылуу “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында “Жеңилдетилген ипотека” жана “Арзан ипотека” багыттары боюнча ипотекалык кредиттерди каржылоону жана берүүнү улантат. Бул тууралуу аталган компаниянын расмий сайтында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, “Жеңилдетилген ипотека” жана “Арзан ипотека” багыттары боюнча электрондук порталында бекитилген программанын бардык катышуучулары, “РСК Банк”, “Айыл Банк” жана “Бакай Банктын” филиалдарына кайрылса болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика