Былтыр Кыргызстанда жөө адамдардын катышуусунда 2 миң 613 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти.
Аталган кырсыктарда 2 миң 594 адам ар кандай жаракат алып, 254 киши көз жумган. ЖКККББ белгилегендей, былтыр 2023-жылга караганда бул жол кырсыктар азайганы менен дагы деле чоң көйгөй бойдон калууда.
Жөө адамдар катышкан жол кырсыктардын алдын алуу максатында башкы башкармалык 27-январдан 1-февралга чейин өлкө аймагында «Жөө жүргүнчү» рейдин өткөрөт. Анын алкагында жолдон туура эмес өткөн жарандарга, жөө кишилерге жол бербеген айдоочуларга көзөмөл күчөтүлүп, жоокерчиликикке тартылат.
Жолду туура эмес жерден өткөндөргө 1 миң сом, жөө адамдарга жол бошотпогондорго 3 миң сом айып салынат.