Садыр Жапаров кезектеги маегинде активист Мелис Аспековдун камактан жазган катына жооп берди.
Өлкө башчысы аны шылуун деп атады.
«Ага жооп беришти ашыкча деп ойлойм. Былжырак жалганчылар үчүн жооп бергенге убактым да жок», — деди Садыр Жапаров.
Белгилей кетсек, Мелис Аспековдун камактан жазган катын Тилекмат Күрөнов жарыялаган. Анда 2020-жылдын 6-октябрында Садыр Жапаров бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдон 3 миллион доллар алганын айткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз