АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
“Былжыраган жалганчы”. Садыр Жапаров Аспековдун айыптоосуна жооп берди
19.03.2024 | 11:45
Садыр Жапаров кезектеги маегинде активист Мелис Аспековдун камактан жазган катына жооп берди.
Өлкө башчысы аны шылуун деп атады.
“Ага жооп беришти ашыкча деп ойлойм. Былжырак жалганчылар үчүн жооп бергенге убактым да жок”, – деди Садыр Жапаров.
Белгилей кетсек, Мелис Аспековдун камактан жазган катын Тилекмат Күрөнов жарыялаган. Анда 2020-жылдын 6-октябрында Садыр Жапаров бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдон 3 миллион доллар алганын айткан.
Абактагы Мелис Аспеков жеке менчик клиникада текшерүүдөн өтөт
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом