Электр энергиясына тарифди көтөрүү пландалууда. Баалар кандай өзгөрөт?

Электр энергиясына тарифди көтөрүү пландалууда. Баалар кандай өзгөрөт?

Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энерсиясынын баасын көтөрүү пландалууда. Бул маалыматты Reporter.kg’ге Энергетика министрлигинин Отун-энергетикалык комплексинин жөнгө салуу боюнча департаментинин маалымат кызматы ырастады.

Белгилүү болгондой, учурда тарифтерди 1-майдан тарта көтөрүү тууралуу токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылыйык электр энергиянын баасы бардык керектөөчүлөр үчүн 2023-жылдагы инфляцияга карап 10,8%га кымбаттайт.

Сунушталып жаткан токтом долбооруна ылайык, жарандар 1-майдан тарта 1 кВт/саат үчүн 1 сом 10,8 тыйындан төлөй баштайт (700 кВт/саатка чейин). Азыркы тариф 1 сомду түзөт.

700 кВт/сааттан ашкан электр энергия үчүн тариф 2 сом 39,3 тыйын болот. Учурда ал 2 сом 16 тыйынды түзөт (тариф 23,3 тыйынга көтөрүлөт).

Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда жашаган жарандар үчүн тариф 10,8 тыйынга кымбаттап, 1 сом 10,8 тыйын болот. Алар үчүн 700 кВт/сааттык чектөө жок.

Ошондой эле «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиянын баасы 5,4 тыйынга кымбаттап, 55,4 тыйынды түзөт (700 кВт/саатка чейин). 700 кВт/сааттан ашкан электр энергия үчүн тариф 23,3 тыйынга кымбаттап, 2 сом 39,3 тыйын болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>